Латын Америкада Түркия таанытылууда

Сан-Паулу шаарында туризм жарманкеси өтүп жатат

705976
Латын Америкада Түркия таанытылууда

Бразилиянын Сан-Паулу шаарында башталган «WTM Латын Америка Эл аралык туризм жарманкесинде Сан-Паулудогу Маданият жана туризм атташелиги ачкан Түркия стенди чоң кызыгуу жаратууда.  

Expo Centre Norte жарманке аянтында уюштурулган жана өткөн жылы 6 миңден ашуун туризм адистери катышкан жарманкеге быйыл орто эсеп менен 60 өлкөдөн 250дөн ашуун мекеме катышып жатат.

Иш-чаранын алкагында болжол менен 200 чарчы метрдик аянтка ачылган стендде Түркиядан Маданият жана туризм министрлиги, Түрк аба жолдору, Юнус Эмре институту жана Нвшехир губернаторлугу менен катар отелдер, тур операторлору жана саякат агенттиктери да арасында болгон 13 катышуучу орун алууда.

Кападокия стендинде таанытуу иштерин Невшехирге караштуу Учхисар жергесинин башчысы Али Карааслан менен Мэриянын басма сөз жана коомчулук менен байланыштар директору Өзге Өндероглу жүргүзүп жатышат.

Өзгөчө 2012-жылы Стамбул менен Кападокияда тартылган, Бразилияда 179-бөлүм көрсөтүлгөн «Salve Jorge» аттуу сериалдан улам Кападокия стенди элдин кызыгуусун тартууда.



Тектеш кабарлар