36-Стамбул кинофестивалы

Стамбул кинофестивалы бүгүн башталат

705154
36-Стамбул кинофестивалы

Стамбул маданият-көркөм өнөр фонду тарабынан уюштурулган 36-Стамбул кинофестивалы бүгүн башталат.

Фестивалдын ачылыш аземинде режиссер Барыш Пирхасан жана Четин Тунжа менен актриса Селма Гүнер жана актер Мажит Коперге кино жаатындагы ардак сыйлыктары ыйгарылат.

Иш-чаранын алкагында атактуу британиялык актер Сэр Иэн МакКелленге да Стамбул кинофестивалынын ардак сыйлыгы берилет.

Жем Давран алып баруучулугун аркалай турган аземде айрыкча фестивалга колдоо көрсөткөн мекеме жана уюмдарга Стамбул маданият-көркөм өнөр фонду тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылат.

36-Стамбул кинофестивалы, режиссер Тассос Боулметистин «Лодос» (Notias) аттуу киносу менен башталат.



Тектеш кабарлар