Мобилдик дүйнө конгресси

Испаниядагы иш-чарада жаңы технологиялар көрсөтүлүп жатат

681523
Мобилдик дүйнө конгресси

Технология дүйнөсүнүн эң маанилүү иш-чараларынын бири болгон «Мобилдик дүйнө конгресси» Испаниянын Барселона шаарында башталды.

Акылдуу телефондор, планшеттер жана акылдуу сааттар сыяктуу ар түрдүү технологиялар конгрессте көрсөтүлүп жатат.

Конгрессте 11и улуттук, калгандары жеке катышуулар болуп жалпы 30га жакын түрк фирмасы да орун алды.

2 миң 200 компания катышып жаткан иш-чараны 100 миңден ашуун кесипкөй катышуучунун кыдырышы күтүлүүдө.

Мобилдик дүйнө конгрессинде жарыяланган изилдөөдө, 2016-жылы дүйнө жүзүндө 4 миллиард 800 миллион адамдын уюлдук телефон колдонгону белгиленди.

Уюлдук телефон колдонуучуларынын саны быйыл 5 миллиардан ашаары күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар