Грэмми сыйлыктары ээлерин тапты

Сыйлык тапшыруу аземинде 5 тармакта сыйлык алган 28 жаштагы англис ырчысы Адель ташка тамга баскандай белги калтырды.

671438
Грэмми сыйлыктары ээлерин тапты

Музыка дүйнөсүнүн эң маанилүү иш-чараларынан бири Грэмми сыйлыктары АКШнын Лос Анжелес шаарында бири-биринен атактуу ысымдар сахнага чыккан азем менен ээлерине тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде 5 тармакта сыйлык алган 28 жаштагы англис ырчысы Адель ташка тамга баскандай белги калтырды.

Адель «25» аттуу альбому менен Жылдын альбому жана «Hello» аттуу ыры менен да Жылдын ыры сыйылыгына ылайык көрүлдү.

2016-жылы январь айында каза болгон Дэвид Боуи да «эң мыкты рок ыры» жана эң мыкты альтенативалык музыка альбому сыйлыгына ылайык көрүлдү.

59-Грэмми сыйлыктарын жеңип алгандар мындай:

Жылдын альбому; Адель- «25»

Жылдын ыры; Адель «Hello»

Эң мыкты жаңы ырчы; Chance The Rapper

Эң мыкты рэп альбому; Chance The Rapper - "Coloring Book"

Эң мыкты заманбап шаардык альбом; Бейонсе- «Lemonade»

Эң мыкты поп соло аткаруусу; Адель «Hello»

Эң мыкты R&B альбому; Lalah Hathaway - "Lalah Hathaway"

Эң мыкты R&B ыры; Maxwell - "Lake by the Ocean"

Эң мыкты R&B аткаруусу; Solange - "Cranes In the Sky"

Эң мыкты поп вокал альбому; Адель «25»

Эң мыкты рок альбому; Cage The Elephant - "Tell Me I’m Pretty"

Эң мыкты рок ыры; Дэвид Боуи - «Blackstar»

Эң мыкты музыка видеосу; Бейонсе- "Formation"

Эң мыкты поп дуэт/группалык аткаруу; Twenty One Pilots - "Stressed Out," 

Эң мыкты өлкөлүк соло аткаруусу; Maren Morris - "My Church,"

Эң мыкты альтернативалык музыка альбому; Дэвид Боуи - «Blackstar»

 

 



Тектеш кабарлар