Берлин кино фестивалы

67 -  Берлин кино фестивалы француз режиссер Этьен Комардын «Джанго» киносу менен башталды

669885
Берлин кино фестивалы
berlin film festivali1.jpg

67 -  Берлин кино фестивалы француз режиссер Этьен Комардын «Джанго» киносу менен башталды.

Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн фестивалдын ачылуу галасынан мурда Комар жана кинонун актер жана актрисалары, режиссеру Паул Верхоевендин жетекчилигиндеги жюри мүчөлөрү менен көп сандаган конок кызыл килемден өтүштү.

Фестивалдын конокторунун арасында Германия биринчи футболдук лигасы командаларынан Бавария Мюнхенде форма кийген немис улуттук командасынын оюнчусу Жероме Боатенг, маникен Тони Гарн, режиссер Вим Вендерс жана Федералдык парламенттин төрага орун басары Клаудия Рот сыяктуу ысымдар орун алды.

Жалпы 18 кино «Алтын аюу» жана «Күмүш аюу» сыйлыктары үчүн жарыша турган февтивалда 72 өлкөдөн 399 кино көрсөтүлөт. Түркиядан Жейлан Өзгүн Өзчелик режиссеру болгон «Кайгы» аттуу кино понарама бөлүгүндө көрсөтүлөт жана эң мыкты биринчи кино категориясында жарышат. Сыйлыктар 18 -  февралда ээлерине тапшырылат.



Тектеш кабарлар