Оскар талапкерлери белгилүү болду

«La La Land» 14 тармакта Оскар талапкери

659136
Оскар талапкерлери белгилүү болду

Кинонун эң чоң сыйлыгы катары кабыл алынган Оскар сыйлыктарынын талапкерлери белгилүү болду. Эң мыкты кино сыйлыгы үчүн 9 кино жарышат.

«Алтын глобуста»  жети сыйлык алып, кечеге тамгасын баскан «La La Land» да талапкерлердин арасында. «La La Land» 14 тармакта Оскар талапкери.

Эң мыкты эркек жана мыкты аял актриса сыйлыктары үчүн бештен талапкер бар.

Эң мыкты чет элдик кино категориясында бул жылы Дания, Швеция, Германия, Австралия жана Ирандын талапкерлери жарышат. Сыйлыктар 22 -  февралда боло турган азем менен ээлерине тапшырылат.



Тектеш кабарлар