Түркиянын эң ири чатыр аянтчасы Стамбулда ачылууда

20 миң кишилик аянтчада эл аралык теннис турнирлери менен катар көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт.

658579
Түркиянын эң ири чатыр аянтчасы Стамбулда ачылууда

Стамбулдун мэри Кадир Топбаш Йеникапыда салынып жаткан Йеникапы Евразия көрсөтүү жана көркөм өнөр борборунун курулуш аянтын кыдырып, журналисттерге маалымат берди.

Топбаштын билдирүүсүнө караганда Йеникапыда салынып жаткан Евразия көркөм өнөр борбору март айында тейлөөгө ачылат.

Бул борбордун курулушу бүткөндө 18 миң 400 чарчы метрдик жабык аянтка ээ болот.

Орто эсеп менен 20 миң кишилик Евразия көркөм өнөр борборунда эл аралык теннис турнирлери менен катар көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар