ТРТ-Хабер радиосу обого чыга баштады

ТРТ-Хабер радиосунун алгачкы түз обого чакырылган мейманы ТРТнын башкы директору Шенол Гөка болду.

652617
ТРТ-Хабер радиосу обого чыга баштады

Түркиянын жаңы кабар радиосу «ТРТ-Хабер радиосу» берүүлөрүн баштады.

Радио кабарчылыгындагы жаңы дарек болгон ТРТ-Хабер радиосунун алгачкы түз обого чакырылган мейманы ТРТнын башкы директору Шенол Гөка болду.

Гөканы ТРТ-Хабер жана Спорт департаментинин башчысы Кудрет Догандемир да коштоп жүрдү.

Бул долбоордун талап болгондуктан келип чыкканын белгилеген Гөка, ТРТ-Хабер радиосунун көз карашын да «башкача кабарчылык» катары мүнөздөп, «Радионун ой-жүгүртүүсү бир аз башкача болот. Көзгө көрүнбөгөн сырдуулугунан келип чыккан дагы оңой жетүү, кыялдануу күчүн колдоно алуу мүмкүнчүлүгүнөн улам, бир кабар радиодо жарыяланса балким башкача бир нерсени туудура алат, кабар тууралуу. Радио кабарчылыгы бөлүмүнө токтолуп, болуп турган түзүлүштү бир аз оңдоп күчтүү түрдө угармандарыбызга тартуулайлы дедик»,-деп айтты.

Көпкө созулган эмгектенүүнүн чыгарылышы болгон ТРТ-Хабер радиосунун түзүлүүсүнө Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин чечим чыгарылганын түшүндүргөн Гөка, угармандары менен бул алгачкы кездешүүдө ТРТ-Хебр радиосунун маанисин баса белгилеп, «Көп сандаган кабар өндүрүлөт. Саясат кыймылдуу, социалдык түзүлүш кыймылдуу, айланабыз кыймылдуу, эл аралык мамилелер кыймылдуу. Ошондуктан атайын бир кабарчылык формасын ортого салалы жана  бул радионун курамында болсун деп мындан мурдагылардан башкача болушун кааладык»,-деди.

ТРТ-Хабер радиосу ысык кабар жана дароо болгон окуялар менен катар маданий жана искусстволук иш-чаралар тууралуу уктурууларын даярдайт. Жаңы кабар радиосунун алгачкы баскычта 28 облус борборунда кийинчерээк 60ка жакын облус жана райондо угамандарга жеткирилиши күтүлүүдө.

ТРТ-Хабер радиосу; Анкарада 95.0, Стамбулда 88.8, Измирде 94.1 жыштыктарынан угузулат.



Тектеш кабарлар