"Дирилиш: Эртугрул" Катарда араб тилинде көрсөтүлө баштайт
«Дирилиш : Эртугрул» Доха тв каналында көрүүчүлөр менен жолугушат
647614
ТРТ 1дин рейтинг рекордуна жетишкен «Дирилиш : Эртугрул» эми Катарда араб тилинде берилет. Сериал Доха тв каналында көрүүчүлөр менен жолугушат. Кабарды Катар медиа фирмасынын баш директору Абдуррахман бин Хамад Ел Тани твиттер эсебинен жарыялады.
Ел Танинин билдиргенине караганда 16 - январдан баштап бериле баштайт. Түркия радио телекөрсөтүү мекемесинин баш директору Шенол Гөка 60ка жакын өлкөдөн инвесторлордун «Дирилиш: Эртугрул» сериалынын өз өлкөлөрүндө эфирге чыгуу укугун сатып алуу үчүн кайрылууда болушкандарын билдирген болчу.