Түркия табигый фильм платформасы

Түрдүү өлкөлөрдүн продюссерлери уруксат алуу үчүн маданият жана туризм министрлигине кайрылышты

642490
Түркия табигый фильм платформасы

Түркия тарыхый жана табигый байлыктары, маданий түзүлүшү менен дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнөн кино жана даректүү фильм тартуучуларынын көңүлүн бурууда.

Түрдүү өлкөлөрдүн продюссерлери уруксат алуу үчүн маданият жана туризм министрлигине кайрылышты.

Кино боюнча директорлугунун 2016 -  жылдагы маалыматтарына караганда  кайрылуулардын алтымышы даректүү фильмдер үчүн жасалса, жыйырма төртү телекөрсөтүү программасы, он жетиси реклама, он экиси кыска фильм, сегизи видео клип, сегизи кино, бешөөсү сериал жана бирөөсү кино проектиси үчүн келген.

Кино боюнча директорлуктун маалыматтарына караганда 135 проект үчүн Германия, Австралия, Бельгия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бразилия, Кытай, Дания, Эстония, Финландия, Франция, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Индия, Голландия, Англия, Ирландия, Испания, Швеция, Швейцария, Италия, Япония, Канада, Катар, Куба, Ливан, Малайзия, Мексика, Пакистан, Орусия федерациясы, Сербия, Сауд Аравия, Свазиленд, Тайвань, Украина, Греция жана АКШдагы фирмалар уруксат алуу үчүн кайрылууда болушкан.  



Тектеш кабарлар