Кэрри Фишердин энеси Дебби Рейнольдс да каза болду

Жылдыз согуштары (Star Wars) сериалынын атактуу оюнчусу Кэрри Фишердин энеси кызынын каза болгонуна  чыдап тура алган жок.

640544
Кэрри Фишердин энеси Дебби Рейнольдс да каза болду

Учакта приступ болуп көз жумган Жылдыз согуштары (Star Wars) сериалынын атактуу оюнчусу Кэрри Фишердин энеси кызынын каза болгонуна  чыдап тура алган жок.

Өзү да кызы сыяктуу актриса болгон Дебби Рейнольдс, кызынан бир күндөн кийин 84 жашында дүйнө салды.

1950-1960-жылдарда ойногон Голливуд музыкалык  жана комедия фильмдери менен атагы чыккан Рейнольдс, 60 жашындагы кызынын каза болушунан 24 саат өтпөй Лос Анжелесте инсульт болуп бул дүйнө менен коштошту.

Уулу Тодд Фишер, энеси инсульт боло электе «Аны абдан сагындым. Кэрринин  жанында болгум келет» дегенин баяндады.

Чыныгы аты Мэри Фрэнсис Рейнольдс болгон жана сахнадагы аты Дебби Рейнольдс менен таанылган АКШлык оюнчу жана ырчы, айрым киносынчыларга караганда өз доорунун эң мыкты музыкалык фильми болгон 1952-жылдагы чыгарылыш «Singin' in the Rain» аттуу музыкалык тасмасындагы ийгиликтүү ролу менен атагы чыккан.



Тектеш кабарлар