Мадам Тюссо музейи ачылды
Музейдин ачылышы айкелдерди жасоо процесси жана музей тууралуу кенен таанытуу филиминин көрсөтүлүшү менен башталды
Мом айкел музейинин маркасы Мадам Тюссонун 21 - борбору Стамбулда ачылды.
Истиклал проспектисинде жайгашкан Гранд Перадагы музейдин ачылуу аземи айкелдерди жасоо процесси жана музей тууралуу кенен таанытуу филиминин көрсөтүлүшү менен башталды.
Стамбул мэри Кадир Топбаш ачылууда сүйлөгөн сөзүндө Гранд Пера имаратынын рестоврациясынын шаардын жанданышы үчүн маанилүү бир эмгек болгондугун айтты.
Музейлердин адамдардын орток баалуулугун ортого салгандыгын белгилеген Топбаш Мадам Тюссонун Стамбулда бир боштукту толтурарын жана туристтер келе турган жер болорун айтты.
Бейоглу муниципалитетинин башчысы Ахмет Мисбах Демиржан да Бейоглунун маданияттын, өнөрдүн, архитектуранын жана тарыхтын борбору экендигин белгиледи.
Музейдеги 55 чыгармага жыл сайын жаңылары кошулат. Музейде Мустафа Кемал Ататүрк, Мевлана, Фатих Султан Мехмет, Хидайет Түркоглу, Брэд Питт, Месси, Мухаммед Али сыяктуу бир топ белгилүү кишилердин момдон жасалган фигуралары бар.
Тектеш кабарлар
Канн кинофестивалында түрк киносу таанытылууда
Франциянын Канн шаарында кечээ башталган 77-Канн кинофестивалы 25-майга чейин уланат.
Түрк илимпозуна Германиядан сыйлык
Гумбольдт фонду кечээ борбор калаа Берлинде сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү.