Германияда көргөзмө ачылды

Берлин элчилигинде ачылган көргөзмөгө абдан чоң кызыгуу көрсөтүлүүдө

619860
Германияда көргөзмө ачылды

«Германиядагы экинчи муун түрктөр» аттуу көргөзмө борбор шаар Берлинде  ачылды. Фотограф Эргүн Чагатайдын көргөзмөсүнөн 1989 – 1990 -  жылдары Германиядагы түрк жарандарынын күнүмдүк турмушунан үзүндүлөр орун алды. Берлин элчилигинде ачылган көргөзмөгө абдан чоң кызыгуу көрсөтүлүүдө.

Эргүн Чагатайдын экинчи муун көргөзмөсү мигранттардын өлкөсү Германияда туулган же чоңойгон жаштардын коом менен шайкеш келишин чагылдырат.

Чагатай төрт ай болгон Германияда 4 миңге жакын фотография тарткандыгын жана максатынын мигранттардын ал мезгилде жашаган маселелерине көңүл буруу экендигин айтты.

Фотографиялар немис куратор Питер Стефан жана премьер – министрликтин өлкө тышы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгынын кошкон салымы менен ишке ашты. 40 фотография орун алган көргөзмө 29 -  декабрга чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар