Анкарада итальян фильмдеринин жумалыгы өтүп жатат
Кино жумалыгы 19-ноябрь ишемби күнүнө чейин уланат.
610839
«7-Заманбап итальян фильмдери жумалыгы» борбор шаар Анкарада башталды.
Италия элчилиги, Стамбулдагы Итальян маданият борбору жана Чанкая муниципалитети тарабынан Чанкаядагы Заманбап көркөм өнөр борборунда уюштурулган иш-чарада, драмалык жана комедия түрүндөгү «Аллах уруксат берсе», «Мафия жайында гана өлтүрөт», «Алгачкы жарык», «Vinicio Capossela Каскачандар районунда», «Оолуккандар сыяктуу», «Бир күндө Италия», «Атасынын козулары», «Энем» жана «Моюнга алуулар» аттуу кинотасмалар кино сүйүүчүлөргө тартууланат.
Италиянын Тышкы иштер жана Эл аралык кызматташуу министрлигинин колдоосу менен өтүп жаткан кино жумалыгы 19-ноябрь ишемби күнүнө чейин уланат.