Минск мечити кайрадан курулду

Татар архитектурасына жараша салынган мечиттин ички жасалгалары болсо Осмон классикалык издерин чагылдырууда.

601895
Минск мечити кайрадан курулду

Беларустун борбору Минскте 54 жыл мурда ал мезгилдеги Совет режими тарабынан буздурулган Минск мечити Түркиянын салымдары менен кайрадан курулду.

Орто эсеп менен 100 миң мусулман жашаган Беларуста 1890-жылы курулган бирок Советтер Союзу убагында ордуна отел салуу үчүн буздурулган Минск мечити Түркиянын Диянет фонду тарабынан кайрадан курулду.

Курулушу 2014-жылы башталган мечиттин ачылышы 11-ноябарда президент Режеп Тайип Эрдоган, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Түркиянын дин иштери министри Мехмет Гөрмез жана Евразия аймагынан диний өкүлдөрдүн катышуусунда өткөрүлөт.

Мурдагысына окшош долбоорлонгон мечит татар архитектурасына жараша салынды.

Түрк Диянет фонду тарабынан Анкарада жасатылган ички жасалгалары болсо Осмон классикалык издерин чагылдырууда.

Минск мечити коомдук муктаждыктарга да жооп бергидей түрдө долбоорлонду.

Кире бериш кабатында конференция залы, көргөзмө залы-фойе жана компьютер бөлмөлөрү болгон мечитте 2 миң 500 киши бир учурда намаз кыла алат.



Тектеш кабарлар