Таркан Антальяда концерт берет
Таркан күйөрмандарына жагымдуу музыка тартууламакчы
596460
Таркан ЕХРО-2016 Антальяда концерт берет.
ЕХРО-2016 Анталья агенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, ЕХРО-2016 Анталья аянтында мындан мурда да эки жолу он миңдеген күйөрманына жагымдуу музыка тартуулаган Таркан, Республика майрамынын алкагында 29-октябрь күнү кечинде сахнага чыгат.
Жактырылган жана белгилүү ырларынан турган тандамал репертуар менен күйөрмандарынын алдына чыгууга даярданган Таркандын концерти акысыз болот.