Кол жазма Курандар АКШда көргөзмөгө коюлду

Көргөзмөдө толугу менен колго жазылган Курандар орун алууда.

594088
Кол жазма Курандар АКШда көргөзмөгө коюлду
washington'da açılan kur’an-ı kerim sanatı sergisi.jpg
washington'da açılan kur’an-ı kerim sanatı sergisi.jpg
washington'da açılan kur’an-ı kerim sanatı sergisi.jpg

Кылымдык кол жазма Курандар АКШда көргөзмөгө коюлду.

Борбор шаар Вашингтондо «Куран көркөм өнөрү: Түрк жана Ислам чыгармалары музейинин казыналары» аттуу көргөзмө өтүп жатат.

Курандын көөнөргүс 47 кол жазмасы биринчи жолу АКШда көрсөтүлүүдө.

Маданият жана Туризм министрлигинин карамагында уюштурулган көргөзмөгө Түрк аба жолдору, Коч Холдинг жана Доган Холдинг тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө.

Иш-чара дүйнөдөгү эң маанилүү маданий мекемелерден Смитсоновский институтунун жетекчилигинде өтүп жатат.

Көргөзмөдө Ооганстандан Стамбулга чейин көптөгөн аймакта толугу менен колго жазылган Курандар орун алууда.

8-кылымдан 17-кылымга чейинки мезгилде жазылган бул Курандар Ислам искусствосунун көркөмдүүлүгүн да ортого салууда.



Тектеш кабарлар