15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу даректүү тасма

Бул тууралуу ТРТнын башкы директору Шенол Гөка Македонияда жүргөндө маалымдады

581284
15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу даректүү тасма

Түркия радио-теле берүүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Шенол Гөка, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу медианын демократияны жана демократиянын иштеп жаткан бардык мекемелерин коргоп чыгышы жагынан абдан зор сыноодон өткөнүн айтты.

Төңкөрүшчүлөрдүн эң чоң үмүтттөрүнөн бири болгон ТРТдан төңкөрүш билдирүүсү окулганда төңкөрүштү жактоочулардын айрымдары же төңкөрүшкө оң карагандардын аларга чубап келип кошулушу, атуулдардын да кандайдыр бир түрдө үйлөрүнө кайтышы болгонун белгилеген Гөка: «А бирок медианын толугу, өз араларында ылдам түрдө келишим түзүлгөнсүп биргелеше кыймыл кылышты. Бул чындыгында эле ар түрдүү мактоодон жогору турат»,-деди.

Балкан өлкөлөрүндөгү медиа өкүлдөрү менен жолугуп, ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетин түшүндүрүү жана мекемелердин ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүү үчүн Македонияда жүргөн Гөка, көптөн бери Балкан аймагындагы жеке менчик мекемелер жана мамлекеттик мекемелер менен бир чатырдын астында, түшүнүшүүнү камсыздай алыш үчүн эмгектенип жаткандарын түшүндүрдү.

Гөка ар түрдүү себептер менен бул жердеги медиа мүчөлөрү жана өкүлдөрүн чогултууга аракет кылгандарын белгилеп: «Чогуу кыймыл кыла алуунун жана координация түзүүнүн жолдорун издеп жатабыз. Эми болсо 15-июлдун түнүндө болгондор темасында түрк демократиясы ээ болгон айрым окуялар темасында жана ошол эле убакта бул окуялардын туура билиниши, туура түшүндүрүлүшү темасында окшош функциясы болгон медиа мекемелери менен ушундай жолугушууларды өткөрүп жатабыз»,-деп айтты.

 Түркияда да чет элдик медиа өкүлдөрү менен жолуккандарын түшүндүргөн Гөка, чындап эле 15-июлда болгондорду угууга келгендерге кеңири маалыматтар берилгенин, түшүнүк жаратуу үчүн келгендерге каршылыктарын көрсөткөндөрүн айтты.

Гөка айрыкча ТРТнын ичинде 15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу даректүү тасма да даярдалганын билдирип: «Атуулдарыбыздан баштап бардык актерлер менен бирге кеңири даректүү тасма даярдалууда. Бул даркетүү тасманын эң кеңири түрдө даярдалышы үчүн документ чогултуп жатабыз. Атуулдардан уюлдук телефон, камера менен тартылган видео, аңгеме дегеле эмне бар болсо бардыгын чогултуп жатабыз»,-деп айтты.

Шенол Гөка бир канча бөлүмдөн турган бул даректүү тасманын жакынкы убакта ТРТнын экрандарында көрсөтүлө турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар