Стамбулда кофе фестивалы

Үчүнчүсү өткөрүлө турган фестивалга кофе тууралуу 200гө жакын бренд катышат

573788
Стамбулда кофе фестивалы

Кофеге байланыштуу бардык нерсе орун алган "İstanbul Coffee Festival" 6 – 9 – октябрда Күчүкчифтлик паркта өткөрүлөт. Үчүнчүсү өткөрүлө турган фестивалга кофе тууралуу 200гө жакын бренд катышат.

Стамбулдун алдыңкы кофе дүкөндөрү, негизги  кофе бренддери, кофе машиналарын өндүрүүчүлөрү, кофенин жанында берилүүчү даамдар да орун алган фестивалда акустикалык концерттер берилип, семинарлар  менен санат көргөзмөсү сыяктуу иш чаралар да өткөрүлөт.

Өткөн жылы 25 миң 500 зыяратчы менен Түркия эң чоң кофе иш чарасына кол койгондугу белгиленген жана Европанын да эң чоң кофе фестивалында бул жылы «Шаардын жүрөгүндө» деген тема иштелет.

Норвегия, Берлин, Эль Сальвадор, Греция, Англия жана АКШдан келе турган кофе адистери да фестивалда кофе дүкөндөрүндө кесиптик билим беришет. Керектөөчүлөр 4 күнгө созула турган фестивалда үйдө кофе бышыруунун башка техникаларын үйрөнүү менен тажрыйба алышат.



Тектеш кабарлар