Түрк тили майрамынын финалы көркөмдүү иш-чара менен Стамбулда өттү

Түрк тили майрамына 46 өлкөнүн 540 улан-кыздары катышты.

560543
Түрк тили майрамынын финалы көркөмдүү иш-чара менен Стамбулда өттү
nabi avcı, türkçe bayramı.jpg
türkçe bayramı.jpg
2.türkçe bayramı.jpg

Түрк тилин чын жүрөктөн сүйгөн 46 өлкөнүн 540 улан-кыздары Стамбулда жолукту.

Маданият элчилери, Түрк тили майрамында түркчөнүн кооздуктарын түшүндүрүштү.

Бүткүл дүйнөгө түрк тилинде тынчтык, достук жана сүйүү билдирүүлөрүн жиберишти.

Чет элдик окуучулар түрк тилин үйрөнүшүп түрк тилинде ыр ырдоо, китеп окуу жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү табышты.

«Юнус Эмре» институтунун Түрк тилин сүйгөн окуучулары, Түрк тилин жана маданиятын таанытуу, Түркиянын башка өлкөлөр менен достугун өнүктүрүп маданий алакаларды арттыруу максаты менен иш-чараларын тынымсыз улантууда.

Программанын финалы Стамбулда уюштурулган Түрк тили майрамы менен туу чокуга жетти.

Иш-чарага катышкан маданият жана туризм министри Наби Авжы: «Биз майрамдап жаткан Түрк тили майрамы бир эле убакта террорго да эң түшүнүктүү, эң сонун жоопту берүү болуп саналат. Анткени террор биздин күнүмдүк турмушубузду, ушундай иш-чараларыбызды үзгүлтүккө учуратыш үчүн да кыймылын кылууда. Ага бериле турган эң сонун жооп да биз анын тоскоолдуктарына карабастан жакшы иштерди кылуу, кайрымдуу иштерди кылууну улантуубуз болот»,-деди.

Президенттиктин эгедерлигинде быйыл экинчиси уюштурулган Түрк тил майрамында көрсөтүлгөн элдик бийлер чоң кызыгууну тартты.

15-июль төңкөрүш аракети тууралуу видеолор да көрсөтүлгөн программада президент Режеп Таййип Эрдогандын өз үнүнөн дуба куплеттери да угузулду.



Тектеш кабарлар