Сараево кино фестивалында түрк киносу "Альбом" сыйлык алды

Европанын эң негизги кино фестивалынын бири катары көрсөтүлгөн Сараево кино фестивалынын 22 –си  сыйлыктарды тапшыруу аземи менен аяктады

556098
Сараево кино фестивалында түрк киносу "Альбом" сыйлык алды

Түрк киносу «Альбом» Сараево кино фестивалында «Сараевонун жүрөгү» сыйлыгына ылайык көрүлдү.

Европанын эң негизги кино фестивалынын бири катары көрсөтүлгөн Сараево кино фестивалынын 22 –си  сыйлыктарды тапшыруу аземи менен аяктады.

Босния Герцеговинанын борбор шаары Сараеводогу улуттук театрда өткөн сыйлыктарды тапшыруу аземине жергиликтүү жана чет элдик көп сандаган конок катышты.

Фестивалдын негизинде Мехмет Жан Мертоглу тарткан түрк киносу «Альбом» эң жакшы узун метраждуу кино болуп тандалып «Сараевонун жүрөгү» сыйлыгына ылайык көрүлдү.

Фестивалдын негизинде эң жакшы даректүү фильм болуп тандалган "A Mere Breath", эң жакшы кыска кино болуп тандалган "Transition" да «Сараевонун жүрөгү» сыйлыгына ылайык көрүлдү.

Эң жакшы эркек актер тармагында «Сараевонун жүрөгү» сыйлыгын "Dogs" киносундагы ролу менен Георге Вису алып, эң жакшы аял актриса болуп "Godless" киносундагы ролу менен Ирена Иванова тандалды. Жюри атайын сыйлыгы болсо Ралитза Петрова режиссеру болгон болгарь киносу "Godless" киносуна берилди. Аземде айрыкча "CineLink" ТРТ WIP сыйлыгын Резо Гигинеишхили тарткан Грузия киносу «Хостагесс» алды.

Сараеводо согуштун издерин унуттуруу үчүн 22 жылдан бери уюштурулуп келген Сараево кино фестивалында бул жылы 220дан ашуун кино көрсөтүлдү. Фестивалга100 миңден ашуун киши келди.

Фестивалдын ачылышына конок катары катышкан америкалык актер Роберт Де Нирого да «Сараевонун жүрөгү» өмүр боюу ийгилик сыйлыгы берилди.



Тектеш кабарлар