Деңизде жаз музыкасы-2016
Концерттер кемеде өтөт
529852
«Деңизде жаз музыкасы-2016» атту иш-чара 22-июлда Илхам Генжердин концерти менен башталат.
Быйыл үчүнчүсү уюштурулган иш-чаранын алкагында жаз музыканттары «The Primetime Cruise» кемесинде сахнага чыгышат.
Концерттер Стамбул Босфор кысыгын саякаттоонун коштоосунда өткөрүлөт.
Куручешме портунан чыга турган кемедеги концерттер 5-августта «Four in the Pocket», ал эми 19-августта Селен Гүлдүн «Trio» концерти менен уланат.
Концерттер 3-сентябрда Ферит Одмандын концерти менен аяктайт.