Түркия Одесса кино фестивалына конок өлкө катары катышат

Фестивал 15 - 23 - июль күндөрү өткөрүлөт

529523
Түркия  Одесса кино фестивалына конок өлкө катары катышат

Түркия эртең Украинада баштала турган 9 -  Одесса кино фестивалына конок өлкө катары катышат. Маданият жана туризм министрлигинин жетекчилеринен алынган маалыматка караганда Украина менен Чыгыш Европанын эң негизги кино фестивалдарынын бири катары кабыл алынган иш чаранын тогузунчусу 15 – 23 -  июль күндөрү өткөрүлөт.

Кураторлугун Эл аралык кино жазуучулары уюмунун төрагасы Алин Ташчыян уюштурган фестивалдын «Конок өлкө Түркия» бөлүмүндө түрк киносунун акыркы мезгилдердеги негизги үлгүлөрүнүн арасында орун алган, министрлик колдоо көрсөткөн «Көпөлөктүн түшү», «Альбом», «Чырмоок» жана «Каландардын суугу» аттуу кинолор көрсөтүлөт.

Түрк киносунун классикаларынын арасында көрсөтүлгөн, маданият жана туризм министрлиги тарабынан оңдолуп тартылган,  Йылмаз Гүнейдин «Үмүт» аттуу киносу да фестивалда көрүүчүлөргө тартууланат.

Түркия айрыкча 25 -  август 5 -  октябрда дүйнөнүн саналуу фестивалдарынан 40 -  Монтреал эл аралык кино фестивалы, 20 – 27 – октябрда да Индиянын престиждүү иш чараларынан 18 – Мумбай кино фестивалына конок өлкө катары катышат.



Тектеш кабарлар