«Scorpions» рок-тобу Стамбулда концерт койду

Концертте рок-тобунун жактырылган мыкты ырлары тартууланды

528257
«Scorpions» рок-тобу Стамбулда концерт койду

Германиялык «Scorpions» рок-тобу «50-жыл фестивалынын» алкагында Стамбулда концерт койду.

«Scorpions» тобу сахнага чагылыштырылган чоң түрк желегинин алдында өз өнөрүн көрсөттү.

Бул топ "Still Loving You", "Wind of Change", "Rock You Like a Hurricane", "Send Me an Angel", "No One Like You", "Always Somewhere" сыяктуу жактырылган ырларын тартуулады.

«Scorpions» тобунун вокалисти, көптөгөн ырды жазган жана композитор Клаус Майне, кайрадан Стамбулда сахнага чыккандары үчүн абдан кубанычтуу экендиктерин айтты.

Концертте түркиялык ырча Шебнем Ферах да бир канча ырын аткарып берди.

«Scorpions» рок-тобу 1965-жылы гитарист Рудольф Шенкер тарабынан Германиянын Ганновер шаарында түзүлгөн.



Тектеш кабарлар