Антальяда ысык аба
Деңиз жээги эс алуучуларга толду.
Антальяда ысык аба-ырайынан улам деңиз жээги эс алуучуларга толду.
Метеорология адистеринин маалыматына караганда шаарда абанын температурасы 39 градус, ал эми деңиз суусунун жылуулугу 24 градус болду.
Нымдуулук 12 пайызга төмөндөгөн шаарда салкындагысы келген жергиликтүү жана чет элдик туристтер Лара жана Коньяалты жээктерине жөнөштү.
Жергиликтүү тургундар жээкте күнгө кактанып убакыт өткөрсө, жаштар болсо жайкы эс алууга чыккандан кийин деңизде көңүл ачышты.
Ысык аба ырайынын таасиринин жакынкы күндөрү да уланаарын белгилеген жооптуу кызматкерлер, адамдарды күнгө чыкканда этият болгула деп эскертишти.
Тектеш кабарлар
Түрк илимпозуна Германиядан сыйлык
Гумбольдт фонду кечээ борбор калаа Берлинде сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү.
Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.