Оттавада «Аба согуштары 1949 – 1918» деген көргөзмөдө осмондук учкучтарына таандык бир бөлүм ачылды

Көргөзмөгө Түркиядан тышкы иштер министрлиги, башкы штабдын төрагалыгы жана аба күчтөрү командирлиги колдоо көрсөттү

508735
Оттавада «Аба согуштары 1949 – 1918» деген көргөзмөдө осмондук учкучтарына таандык бир бөлүм ачылды

Канаданын борбор шаары Отавада Канада согуш музейинде ачылган «Аба согуштары 1949 – 1918» деген көргөзмөдө биринчи жолу осмондук учкучтарына таандык бир бөлүм ачылды.

Канадада ачылган көргөзмөгө Түркиядан тышкы иштер министрлиги, башкы штабдын төрагалыгы жана аба күчтөрү командирлиги колдоо көрсөттү.

Көргөзмөнүн ачылуу сөзүн сүйлөгөн Канада согуштук музейинин директору Стефен Куик элчиликтин арачылыгы менен көргөзмөгө берген колдоосунан улам өзгөчө осмондук учкуч кийимдерин көргөзмөгө чыгаруу үчүн музейге бергендиктен Түркияга рахмат айтты.

Түркиянын Оттава элчиси Селчук Үнал менен Оттава аскердик аташеси Эрсин Өзкан да катышкан көргөзмөдө Биринчи дүйнөлүк согушу жана Боштондук согушунун каармандарынан Капитан Фазылдын жаңыдан даярдалган аскердик кийими орун алды.

«Аба согуштары 1914 – 1918» көргөзмөсү 2017 -жылдын 29 – январына чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар