Рим түрк кино фестивалы

Фестиваль Римдин Вилла Боргезе бакчаларындагы Каса Дел кино театрларында өткөрүлөт

502864
Рим түрк кино фестивалы

Режиссер Ферзан Өзпетектин жетекчилигинде маданият жана туризм министрлигинин кошкон салымы жана  Рим элчилигинин колдоосу менен өткөрүлгөн фестиваль 30 -  июнь 3 -  июль күндөрүнүн арасында өткөрүлөт.

Римдин Вилла Боргезе бакчаларындагы Каса Дел кино театрларында өткөрүлө турган фестиваль бул жылы режиссер Озан Ачыктандын «Апамдын жарасы» аттуу киносу менен башталат.

Башкы ролдордо Мерйем Узерли, Озан Гүвен, Бора Аккаш жана Белчим Билгин роль алган кино 18 жашында жоголгон үй – бүлөсүн табуу үчүн жетимканадан кеткен Салихтин үмүтүн чагылдырган.

Төрагалыгын Серап Энгин аткарган Рим түрк кино фестивалы өткөн төрт жылда болгондой бул жылы да түрк киносунун бардык түстөрүн италиялык көрүүчүлөрү менен жолугуштурат.



Тектеш кабарлар