Нью-Йоркто салттуу Түрк күнү жүрүшү өттү

Түрк күнү жүрүшү Нью-Йоркто жыл сайын түрк калктарынын катышуусу менен өтүп турат.

495580
Нью-Йоркто салттуу Түрк күнү жүрүшү өттү
35. türk günü yürüyüş ve festivali, new york, beşiktaş.jpg
35. türk günü yürüyüş ve festivali, new york 2016.jpg

Түрк-Америка коомчулугу Нью-Йоркто салттуу Түрк күнү жүрүшүн өткөрдү.

Быйыл 35-уюштурулган Менхэттендеги Түрк күнү жүрүшү жана фестивалына Нью-Йорктогу башкы консул Эртан Ялчын, Хатай шаарынын мэри Лүтфү Саваш, Түрк-Америка коомдору федерациясынын башчысы Атилла Пак, түрк коомчулугунун өкүлдөрү жана ыр чеберлери катышты.

Манхэттендеги Мадисон проспектиси менен 53-көчөнүн кесилишинде башталган жүрүш, Бириккен Улуттар Уюмунун маңдайындагы  Dag Hammarskjold паркында аяктады. Жүрүшкө Азербайжан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Казакстан, Өзбекстан жана Кырым түрктөрү да катышты.

Жүрүштө сөз сүйлөгөн башкы консул Ялчын, иш-чараны уюштурган Түрк-Америка коомдор федерациясын куттуктады.

Атилла Пак да өз сөзүндө Түрк-Америка коомчулуктары катары ар түрдүү кыйынчылыктарды жеңгидей күчтө болгондорун айтты.

Хатай шаарынын мэри Лүтфү Саваш болсо, Хатайдын да Нью-Йорк сыяктуу ар түрдүү дин, агым жана этникалык тектерди камтыганын белгилеп, муну бүткүл дүйнөгө көрсөтүш үчүн Маданияттар хору менен фестивалга катышкандарын сөз кылды.



Тектеш кабарлар