АТАТҮРКТҮ ЭСКЕРҮҮ, ЖАШТЫК ЖАНА СПОРТ МАЙРАМЫ

Бүгүн 19-Май Ататүрктү эскерүү, Жаштык жана Спорт майрамы.

493948
АТАТҮРКТҮ ЭСКЕРҮҮ, ЖАШТЫК ЖАНА СПОРТ МАЙРАМЫ

-Бүгүн Түркия Республикасынын  негиздөөчүсү, улуу жол башчы, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн сыймыгы, тарыхта  Ататүрк деген бийик ысым менен калган Мустафа Кемалды  эскерип, жаштык жана спорт майрамын кубанычтуу майрамдап жатабыз. Боштондук согушун жеңиш менен жыйынтыктаган Ататүрк, Республикабыздын жарыяланышы менен алгачкы президентибиз болду. Заманбап улут болуу жолунда жаштардын дени сак жана спорт менен машыккан инсандар болушун камсыздоо үчүн атайын ушул күндү - 19-Майды жаштарга арналган майрам деп жарыялады.  Учурда өлкөбүздүн төрт тарабында жана тышкы өкүлчүлүктөрүбүздө уюштурулган аземдерде Ататүрк, анын алысты көрө билген көсөмдүгү,  эркиндик үчүн көрсөткөн эрдиктери, бүгүнкү Түркияга ылайык саясый-экономикалык фармацияны учурунда таамай тапкандыгы жана башка асыл сапаттары эскерилүүдө.  Ошондой эле ар түрдүү спорттук иш-чаралар уюштурулуп элге  майрамдык маанай тартууланууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар