«Ара Гүлер-Бир Стамбул уламышы» даректүү тасмасы

Стамбулду түшүндүргөн «Ара Гүлер-Бир Стамбул уламышы» аттуу даректүү тасманын Германиядагы бет ачары Эссенде өткөрүлдү.

486604
«Ара Гүлер-Бир Стамбул уламышы» даректүү тасмасы

Фотосүрөт чебери Ара Гүлердин көз карашы менен Стамбулду түшүндүргөн «Ара Гүлер-Бир Стамбул уламышы» аттуу даректүү тасманын Германиядагы бет ачары Эссенде өткөрүлдү.

Рухр Китеп жарманкесинин алкагында Грилло театрында өткөн галага Ара Гүлер, даректүү тасманын режиссеру Осман Оккан, Түркиянын Эссендеги башкы консулу Мустафа Кемал Баса жана көп сандаган чакырылгандар катышты.

«Мен үчүн фото сүрөт жашоодон үзүлүп алынган токтом чыгаруу учурунун визуалдык катталышы»,-деп айткан Гүлер, 20 жыл Геманиянын «Стерн» журналынын кабарчылыгын кылганын жана ал мезгилде Германияга тез-тез келип турганын түшүндүрдү.

Ара Гүлерден өзүнүн кайсы искусство чеберинен таасирленгени суралганы боюнча, «Пикассо мага таасир берди. Ал эми мен алардын баарын тааныймын алар менин жолдошторум болчу. Телефон чалып алардын жанына барчумун. Дали да ошондой»,-деди.



Тектеш кабарлар