Анкара кино фестивалы
27 - Анкара эл аралык кино фестивалы кечээ көркөмдүү ачылыш менен башталды
27 - Анкара эл аралык кино фестивалы кечээ көркөмдүү ачылыш менен башталды. Режиссер, оюнчулар менен бирге кино сүйүүчүлөр катышкан кечеде Дүйнө массалык байланышты иликтөө фондунун атайын сыйлыктары да тапшырылды.
Азиз Несин Эмек сыйлыгы режиссер Томрис Гиритлиоглуна берилди.
Бешикташ маданият борборунун куруучуларынан Йылмаз Эрдоган «Массалык байланыш атайын сыйлыгын» Түркан Шорайдан алды.
«Өнөр чынары» сыйлыгы болсо сүрөтчү Туран Эролго тапшырылды.
Эл аралык Анкара кино фестивалынын бул жылкы темасы «Үн жана көз караш». 8 - майга чейин улантыла турган фестивалда 45 өлкөдөн 197 режиссердун жалпы 213 чыгармасы көрсөтүлөт.
Кичинекей көрүүчүлөр үчүн да кино ательеси жана маектешүүлөр өткөрүлөт. Ошол эле учурда узун метраждуу кино, кыска кино жана даректүү фильм категорияларында 368 чыгарма да жарышат.
Тектеш кабарлар
Түрк илимпозуна Германиядан сыйлык
Гумбольдт фонду кечээ борбор калаа Берлинде сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү.
Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.