Парижде Султан Абдүлазиз көргөзмөсү

«Эксиздерден картиналарга Султан Абдүлазиз сүрөт көргөзмөсү» Франциянын борбор шаары Парижде ачылды

479353
Парижде Султан Абдүлазиз көргөзмөсү

Премьер – министрликтин таанытуу фонду жана Юнус Эмре институтунун кызматташтыгы менен Эл аралык маданий жана өнөр коому тарабынан өткөрүлгөн «Эксиздерден картиналарга Султан Абдүлазиз сүрөт көргөзмөсү» Франциянын борбор шаары Парижде ачылды.

Осмондук падышасы Султан Абдүлазиздин эскиздери жана бул эскиздердин негизинде түзүлгөн майлуу боёк картиналары орун алган көргөзмөнүн ачылышы Фредерик – Моисан галлереясында болду.

ЮНЕСКОнун негизиндеги Түркиянын туруктуу өкүлү элчи Хүсейин Авни Ботсалы : «Султан Абдүлазиздин кемелерге, деңизге болгон кызыгуусу, согуштук сүрөттөрү тууралуу атайын кызыгуу жана жөндөмлүүлүктү ачык көрүп турабыз. Абдүлазиз хан осмондук султандарынын ичинде биринчи жана акыркы болуп Европа саякатын ишке ашырган султаныбыз»,- деди. Көргөзмөнүн биринчиси Венада ачылган.



Тектеш кабарлар