Түркияда өткөн жылы канча китеп басылып чыкты?

Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрү

473935
Түркияда өткөн жылы канча китеп басылып чыкты?

Түркияда өткөн жылы 50 миң китеп басылып чыкты.

Түркиянын статистика мекемеси, өткөн жылга байланыштуу китептин эл аралык сериялык номуру​нун (ISBN) көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Ага ылайык, өткөн жылы жарыяланган материалдардын саны мурунку жылга салыштырмалуу 11,2 пайызга көбөйүп, 56 миң 414кө жетти.

Эң жогорку өсүү 21,8 пайыз менен электрондук китептерде катталды.

Басылып чыккан китептердин 92,3 пайызы жеке басылмалар, 5,4 пайызы коомдук жана билим берүү мекемелери, ал эми 2,3 пайызы болсо өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан ишке ашырылган.



Тектеш кабарлар