Орус туристтер Түркиядан баш тартпайт

Орустар көбүнчө Анталья жана Стамбулга келишет.

471649
Орус туристтер Түркиядан баш тартпайт

Орус туристтер Түркиядан баш тартпайт.

Саякат сайты Momondoнун көрсөткүчтөрүнө караганда, Орусияда жакындаган май айындагы 10 күндүк эс алуу үчүн Түркия эң көп тандалган өлкөлөрдүн арасында орун алууда.

Түркияга болгон кызыгуунун уланып жатканын көрсөткөн көрсөткүчтөргө караганда, орустар көбүнчө Анталья жана Стамбулга келишет.

Үчүнчү орунда болсо Эгей аймагындагы шаарлар турат.

1-10-май күндөрүнүн аралыгындагы расмий эс алуу күнү үчүн көптөгөн турист 29-апрель жума күнүнөн тарта жолго чыгышат.

Жай айларына карата көрсөткүчтөргө баа берилгенде да, Түркияга келүү үчүн каттамдар тууралуу маалымат алууга аракет кылгандар көбөйдү.

Орустардын жайкы эс алуу үчүн Түркиянын туристтик жерлерин издеши Греция, Нидерландия жана АКШ сыяктуу белгилүү жерлерди артта калтырган абалда.

Жай айы жакындаган сайын бул сандын дагы да өсүшү күтүлүүдө.


Этикеткалар: #туристтер , #Түркиянын

Тектеш кабарлар