Жошуа Белл Түркияга келет
Түркиядагы концерттеринде 4 миллион доллардык скрипкасы менен сахнага чыгат.
«Метродогу скрипач» деп таанылган жана Грэмми сыйлыгына ээ болгон Жошуа Белл Түркиядагы концерттерине 4 миллион доллардык скрипкасы менен чыгат.
Белл 15-майда Стамбулдагы Көркөм өнөр борборунда, ал эми 16-майда Конгрессюм Анкарада күйөрмандары менен жолугушат.
Өнөрпоз Түркиядагы концерттеринде Антонио Страдиваринин алтын жылдарынан калган 4 миллион доллардык жана 300 жылдык Страдивари скрипкасы менен сахнага чыгат.
4 жашында скрипка черте баштаган Жошуа Белл, алгачкы концертин 17 жашында Карнеги-холлдун сахнасында Сент-Луис Симфония концерти менен ишке ашырган.
Дүйнөнүн алдыңкы дирижер жана оркестралары менен иштеген өнөрпоз, Грэмми сыйлыгы менен сыйланган.
«Вашингтон Пост» гезити тарабынан 2007-жылы жүргүзүлгөн социалдык сыноодо көңүлдөрдү бурган Белл, бир метро станциясында 45 мүнөт бою Бах чыгармаларын черткен экен, бирок көпчүлүгү жумушка шашып бараткан миңден ашуун киши Жошуа Беллди тааный албаптыр.