Паскалия майрамы
Азырети Исанын тирилүүсү деген мааниге келген «Пакалия майрамы» Стамбулдун Бейоглу районунда майрамдалды
459252
![Паскалия майрамы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9cc7/86c5/1f93/56f7bc77ad7ae.jpg?time=1718409616)
- Азырети Исанын тирилүүсү деген мааниге келген «Пакалия майрамы» Стамбулдун Бейоглу районундагы Саинт Энтони католик чиркөөсүндө өткөрүлгөн сыйынуу менен майрамдалды.
- Христиан дининин эң чоң майрамы болгон жана Азырети Исанын тирилүүсү деген мааниге келген «паскалия» үчүн Таксим аянтындагы Саинт Энтони католик чиркөөсүндө сыйынуу болду.
- Сыйынууга келгендер кенен коопсуздук чаралары менен чиркөөгө киришти. Туристтер менен Түркияда жашаган католик жамааты катышкан сыйынуу кубанычтуу өттү.
- Сыйынууну поп Юлий башкарды.
- Катышуучулар жуунтулуп, «Жаңы турмуш жана тирилүүнүн символу» деп кабыл алынган паскалия жумурткалары таркатылды. 20 саатка жакын созулган сыйынуу диний ырлардын коштоосунда аяктады.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718409616)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718409616)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.