Палестиналык мугалимге сыйлык
Ханан Аль-Хроуб сыйлык менен берге бир миллион доллардын да ээси болду.
451103
Дүйнөлүк мугалим сыйлыгы, палестиналык Ханан Аль-Хроубго ыйгарылды.
Билим берүү тармагындагы иш-чаранын быйыл экинчиси өткөрүлдү.
Дубайдагы аземдин алып баруучулары атактуу актриса Салма Хайек менен актер Мэттью МакКонахи болду.
Жеңүүчүнү болсо, аземге телеконференция аркылуу катышкан Папа Франциск жарыялады.
8 миң мугалим талапкер көрсөтүлүп, финалга болсо 10у гана чыккан. Сыйлык тапшыруу аземинде палестиналык мугалим Ханан Аль-Хроуб, бул сыйлык менен берге бир миллион доллардын да ээси болду.
Палестиналык мугалимдин «Ойноп жатабыз жана үйрөнүүдөбүз» аттуу китеби да бар.