Түрк хор ансамбли жагымдуу музыка тартуулады
ЮНЕСКОнун Париждеги борборунда Эл аралык эне тил күнүнөн улам иш-чара болуп өттү.
444691
Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму ЮНЕСКОнун Париждеги борборунда «Эл аралык эне тил күнүнөн улам» иш-чара болуп өттү.
13 өлкө катышкан иш-чаранын алкагында өлкөлөрдүн маданиятын чагылдырган программалар уюштурулду.
Түркияны психолог-музыка таануучу Селин Тениктин жетекчилигиндеги Классикалык түрк музыка хору өкүлдүк кылган иш-чарада, катышуучуларга жагымдуу музыка тартууланды.
Өнөрпоздору катышпаган өлкөлөрдүн ЮНЕСКОдогу өкүлдөрү болсо ыр саптарын окуп беришти.