Рак изилдөөлөрүндө жаңы өнүгүүлөр

Рак клеткаларын өлтүрүүнүн жолу табылды.

444350
Рак изилдөөлөрүндө жаңы өнүгүүлөр


Англияда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча окумуштуулар иммундук системаны кыймылга келтирип, рак клеткаларын өлтүрүүнүн жолун табышты.

Анда оорулуунун ДНКсы жана шишиктери иликтенип адамга атайын дарылоо ыкмасы иштелип чыгат.

Кымбат болоору айтылган бул ыкманын 2 жылдын ичинде оорулууларда ишке ашырылышы максатталса, илимпоздор мунун ракка каршы жаңы дарылоолордун биринчиси болушу мүмкүн деп ойлоп жатышат.

Бул ыкманын жакшы натыйжа берээри, бирок иш жүзүндө айрым маселелер жаралышы мүмкүн экени да сөз кылынууда.

Мындан мурда да рак клеткаларын өлтүрүү үчүн иммундук системаны колдонууга аракет кылышкан, бирок бул ыкма ийгиликтүү болгон эмес.



Тектеш кабарлар