Орус танго ансамбли концерт коет

“Соло Танго оркестр" тобу Түркияга келет

440138
Орус танго ансамбли концерт коет

Орус танго ансамбли “Соло Танго оркестр", Түркияга болгон гастролунда 2-мартта Самсунда концерт коет.

Самсун бий жамааты тарабынан уюштурулган иш-чарада түшкөн кирешенин бардыгы Тоскоолсуз жашоо борборуна которулат. Кадыр-барктуу сынактарда байгелерге ээ болгон жана фестивалдарда белгилүү бийчилер менен сахнага чыккан Соло Танго оркестр, 2010-жылы Италияда болгон "Citta de Castelfidardo" эл аралык конкурстун “Эң мыкты Пьяццолла" категориясында 1-орунга ээ болуп таанылган.

Бул группа Берлинде Танго, Амстердамда Tangomania, Стокгольмдо Tango Norte, Базелде Oster Tango, Венада Tango Amadeus жана Стамбулдагы Танго фестивалдарында да концерт коюшкан.



Тектеш кабарлар