Жеймс Бонддун унаасы сатылды

Лондондо аукцион өткөрүлдү

435709
Жеймс Бонддун унаасы сатылды

Жеймс Бонд сериалынын «Спектр» фильми үчүн атайын долбоорлонгон «Астон Мартин» үлгүсүндөгү автомобиль 2,4 миллион стерлингге (10,2 миллион лира) сатылды.

ВВСнин маалыматына караганда, Астон Мартиндин «DB10» модели Англиянын борбору Лондондо өткөрүлгөн аукциондо сатууга коюлду.

Жеймс Бонддун ролун ойногон англиялык актер Дэниэл Крэйгдин кинодо кийген костюму да 98 миң 500 стерлингге сатылды.

Аукциондон түшкөн кирешенин Чек тааныбаган доктурлар фондуна бериле турганы баяндалды.



Тектеш кабарлар