Берлин кинофестивалы башталды

21-февралга чейин созула турган фестивалда сыйлыктар 20-февралда ээлерине тапшырылат.

431416
Берлин кинофестивалы башталды

66- Эл аралык Берлин кинофестивалы көркөмдүү гала менен башталды.

Фестивалда 18 кинотасма «Алтын аюу» жана «Күмүш аюу» үчүн жарышат.

Ачылыш галасына Жорж Клуни, Мэрил Стрип жана Тильда Суинтон сыяктуу атактуу ысымдар да катышты.

Галада фестивалдын алгачкы киносу болгон Жоэл менен Этан Коэн бир туугандардын «Хаил, Каисар» фильми көрсөтүлдү.

Сынактын мыкты кинолорунун арасында немис режиссер Анна Зохра Беррачеддин «24 жума» деген кинотасмасы да бар.

10 күнгө созула турган фестивалда 77 өлкөдөн 434 кинотасма көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар