"Алтын глобуста" талапкер түрк тасмасы

"Алтын глобус" сыйлыктарынын талапкерлери жарыяланды.

361179
"Алтын глобуста" талапкер түрк тасмасы

"Алтын глобуста" Түркия менен Франция биргелеше тарткан "Мустанг" кинотасмасы талапкер болду.

Быйыл 73чүсү уюштурула турган "Алтын глобус" сыйлыктарынын талапкерлери жарыяланды. 

2016-жылдын 10-январында өткөрүлө турган аземде 14ү кино, 11и телевидение болуп жалпы 25 наминацияда жылдын мыктылары аныкталат. 

Сыйлык тапшыруу аземинде дагы бир жолу дүйнөгө таанымал куудул Рики Жервейс алып баруучу болмокчу.

Быйыл "Алтын глобус" сыйлыктарынын талапкерлеринде Түркия менен Франция биргелеше тарткан "Мустанг" фильми да "Чет тилиндеги эң мыкты кинотасма" наминациясына талапкер болду. 

Кинодо Карадеңиз жээгинде жашаган беш бир тууган кыздын жашоосу жана айланасындагылар менен болгон байланыштары түшүндүрүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар