Азиз Санжардын урматына сый кече өткөрүлдү
Түркиянын Стокгольмдогу элчиси Кая Түркмен түрк улутун сыймыктандырган Азиз Санжарга ырахмат айтты.
2015-жылдын химия боюнча Нобель сыйлыгына ээ болгон проф. др. Азиз Санжардын урматына Швециянын борбору Стокгольмдо сый кече өткөрүлдү.
Азиз Санжар бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, түрк өкмөтүнүн илимге маани бергендигин баса белгилеп ыраазычылыгын билдирди.
Санжар Түркияда кыз балдардын окутулушунун маанисине да көңүлдөрдү бурду.
Сый кечеге жетекчилик кылган Түркиянын Стокгольмдогу толук ыйгарым укуктуу элчиси Кая Түркмен, түрк улутун сыймыктандырган Азиз Санжарга ырахмат айтты.
Проф. др. Азиз Санжар ДНКнын кайра калыбына келүү механизмин жана ракты дарылоонун жаңы ыкмаларын изилдегени үчүн Нобель сыйлыгы менен сыйланган.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.