Кумдан жасалган айкел фестивалы

Фестивалда дүйнөнүн 7 кереметинин кумдан жасалган айкели орун алды

393679
Кумдан жасалган айкел фестивалы

9 - Эл аралык Анталья кумдан жаcaлган айкел фестивалы абдан чоң кызыгуулардан улам дүйнөнүн эң узун убакытка созулган кумдан жасалган айкел фестивалы болот.
Ларадагы «Бирлик» пляжында 10 гектардык аянтта өткөрүлгөн фестивалда 9 өлкөдөн 22 скульптордун 15 миң тонна кумдан жасаган 200гө жакын айкели көргөзмөгө чыкты. Көргөзмөдө грек мифологиясындагы Посейдондон, инд мифологиясындагы Ганешага чейин бир топ каарман менен дүйнөнүн 7 кереметинин кумдан жасалган айкели орун алды.
Фестивалдын директору Жем Каража фестивалдын дүйнөнүн эң чоң 5 кумдан жасалган айкел фестивалынын бирөөсү экенин белгиледи. Бул жылы зыяратчыларга каалгаларын ачкан фестивалдын биринчи күндөн баштап эле абдан чоң кызыгуу көргөнүн белгиледи. «Абдан чоң кызыгуудан улам ушул жылдан баштап каалгаларыбызды 12 ай зыяратчыларга ачуу чечимин чыгардык. Дүйнөдө азыркы учурда 12 ай зыяратка ачык башка кумдан жасалган айкел жок. Бул көлөмдөгү айкел фестивалы 3 – 6 айга созулат», - деди Жем Каража.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар