Германияда осмондук ашканасы таанытылды

Институтта өткөрүлгөн кечеге немис коомчулугу жакындан тааныган өнөр, саясат жана илим дүйнөсүнөн ысымдар катышты

422538
Германияда осмондук ашканасы таанытылды

Юнус Эмре институту Германиянын Кёлн шаарында өткөрүлгөн бир иш чара менен осмондук ашканасын таанытты. Институтта өткөрүлгөн кечеге немис коомчулугу жакындан тааныган өнөр, саясат жана илим дүйнөсүнөн ысымдар катышты. Осмондук ашканасына таандык тамактар тартууланган кечеде классикалык түрк музыкалары уктурулду.
Юнус Эмре институту Кёлн директору Йылмаз Булут мындай кечени өзгөчө рождество күндөрү өткөрүүнү каалашкандарын белгилеп : «Көпчүлүгү немис болгон конокторубузга тарыхый ашканабыздын даамдары тартууланып, музыканын коштоосунда маектешишти. Бай тарыхыбыз жана маданиятыбыздын негизги бөлүгү болгон ашканабызды көркөмдүүлүк менен бириктирип абдан жакшы сундук»,- деди.
Декорация катары осмондук сарайларын чагылдырган жерде түрдүү тамактар менен түрк кофеси берилди. Кечеде айрыкча Түркиянын Кёлн башкы консулу Хүсейин Эмре Энгин менен бирге Жашылдар партиясынын депутаты Ариф Үнал менен дирижер Бетин Гүнеш сыяктуу түрк ысымдар да катышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар