"Нью - Йорк жомогу" филими

Толугу менен АКШда тартылган биринчи түрк киносу боло турган «Нью – Йорк жомогун» тартуу улантылууда

365370
"Нью - Йорк жомогу" филими


Февраль айында Түркия жана Европада көрсөтүүгө кирүүсү күтүлгөн романтикалуу комедия филимдин кээ бир сахналары Манхаттандагы белгилүү Central Parkта тартылды.
Актер жана актрисалардын баары АКШда жашаган, артисттик билим алган түрктөрдөн турган жана режиссерлугун Доган Өзмекик аткарган филимдин сценарийин Нилүфер Йенидоган жазган. Йенидоган филимдин турмушун өзгөртүүнү каалаган аял мүнөзү менен өмүрүн кыюуну каалаган эркек мүнөздүн күтүлбөгөн жерден кездешүүсү менен башталган махабат баяны экенин айтты.
Узун убакыттан бери Лос Анжелес жана Нью – Йоркто жашаганын жана ушул себептен филимдин ичине өлкө тышында жашаган түрктөрдүн адаптация болуу маселелерин да кошконун белгилеген Йенидоган : «АКШда жашаган түрктөрдү иликтөө мүмкүнчүлүгүм болду. Филимде болгон кээ бир окуялар да менин башымдан өткөн нерселер»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар