Дүйнөдөгү эң күчтүү адамдар

«Forbes» журналы дүйнөдөгү эң күчтүү адамдардын тизмесин жарыялады.

411059
Дүйнөдөгү эң күчтүү адамдар


Форбестин «Дүйнөнүн эң күчтүү адамдары-2015» тизмесинде биринчи орунду Орусиянын президенти Владимир Путин, экинчини Германиянын канцлери Ангела Меркель, үчүнчү орунду болсо АКШнын президенти Барак Обама ээледи.
Форбестин жооптуу кызматкерлери, жалпы 73 киши орун алган тизменин даярдалышында алардын финансылык булактары, таасир калтырган адамдардын саны, өз тармактарынан тышкары да күчтүүлүгүн көрсөтө алгандары сыяктуу айрым факторлор эске алынганын билдиришти.
Тизменин алдыңкы 10 ысымы төмөнкүчө:
1-Орусиянын президенти Владимир Путин
2-Германиянын канцлери Ангела Меркель
3-АКШнын президенти Барак Обама
4-Католик дүйнөсүнүн руханий лидери Папа Франциск
5-Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь
6-Microsoftтун куруучусу Билл Гейтс
7- АКШнын борбордук банкынын төрагасы Жанет Йеллен
8. Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон
9-Индиянын премьер-министри Нарендра Моди
10- Googleдун куруучуларынан Лэрри Пейж


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар