Майкл Жексон тизмеде биринчи орунда
Жексон 115 миллион доллар менен биринчи орунду алды
Майкл Жексон каза болгондон кийин да акчалай киреше киргизген белгилүү инсандардын тизмесинде үчүнчү жолу биринчи болду.
«Forbes» журналынын тизмесине караганда 2009 - жылы 51 жашында каза болгон Майкл Жексон 115 миллион доллар менен биринчи орунду алды.
Жексон өткөн жылы да 140 миллион доллар менен тизменин башында болчу. "Rock'n Rollдун королу» деп билинген 1977 - жылы каза болгон Элвис Пресли 55 миллион доллар киреше менен тизмеде экинчи орунду алды. Преслиден кийин 40 миллион доллар менен америкалык Чарльз Шульц жана 21 миллион доллар менен Боб Марли турат.
Түркияда «Ылдам жана кыжырдуу» деген ат менен чыккан "Fast & Furious" сериялынын жылдызы Пол Уокер бул жылы тизмеге 9 – орунда кирди. Уокер 2013 - жылы авто кырсыгынан 40 жашында каза болгон.
Тектеш кабарлар
Канн кинофестивалында түрк киносу таанытылууда
Франциянын Канн шаарында кечээ башталган 77-Канн кинофестивалы 25-майга чейин уланат.
Түрк илимпозуна Германиядан сыйлык
Гумбольдт фонду кечээ борбор калаа Берлинде сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү.