Prix Medicis сыйлыгына Түркиядан эки роман талапкер

«Ысык күлдөрү калды» жана «Дагы» аттуу романдары Prix Medicis сыйлыгынын чет өлкөлүк роман тизмесинде орун алды.

357520
Prix Medicis сыйлыгына Түркиядан эки роман талапкер

Франциянын маанилүү адабият сыйлыктарынан Prix Medicis сыйлыгына Түркиядан эки роман талапкер көрсөтүлдү.
Оя Байдардын «Ысык күлдөрү калды» жана Хакан Гүндайдын «Дагы» аттуу романдары Prix Medicis сыйлыгынын чет өлкөлүк роман тизмесинде орун алды.
«Дагы» романы Францияда «Encore» деген ат менен Galaade басма үйү тарабынан чыгарылса, «Ысык күлдөрү калды» романы «Et ne reste que des cendres» аталышы менен Phebus басмаканаларынан чыкты.
Prix Medicis сыйлыгынын жыйынтыгы болсо 6-ноябрда жарыяланат.
Сыйлыкты Түркиядан мындан мурда Орхан Памук «Кар» романы менен жеңип алган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар